Эгемендик күнү менен куттуктаган каттар келүүдө

Кыргызстандын эгемендик күнү менен куттуктаган каттар келүүсү уланууда. Президент Роза Отунбаеванын дарегине жолдонгон куттуктоо каттарды бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон, Тажикстандын президенти Эмомоли Рахмон куттукташты. Кечээ ушундай эле куттуктоо каттары бир катар мамлекеттик башчылардан келген болчу. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)