Бишкекте апрель-июнь окуяларына арналган көргөзмө өтөт

Көргөзмө бүгүн “Кыргызстан-2010” деген аталыш менен “Колдо” арт борборунда ачылат. Анда кыргыз сүрөтчүлөрү 7-апрель жана түштүк окуяларына катышуучу катары өз сүрөттөрүн сунуштаса, Борбор Азия, Казакстан жана Германиянын өкүлдөрү болгон окуяга өз ойлорун билдиришет. Көргөзмө Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Гёте институттарынын атайын долбоорунун алкагында Кыргызстандагы соңку окуяларга фото, видео материалдар аркылуу туура баа берүү максатында уюштурулууда. (КЕ)