Бул аптада партиялар үгүт иштерин башташат

Бул аптада Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерин башташат. Үгүт иштери 10-сентябрда башталып, шайлоого 24 саат калганда токтотулат.

БШКга алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн 29 партия тизмесин тапшырган болчу. Ушул тапта БШК алардын тизмесин четинен текшерип, беш партияны каттоодон өткөрдү. (IJz)