Беларустарда 19-декабрда президенттик шайлоо өтөт

1994-жылдан бери өлкөнү башкарган президент Александр Лукашенко бул жолу дагы 4-ирет шайлоого катышаары айтылууда. Лукашенконун азыркы мөөнөтү 2011-жылдын апрелинде аяктайт. Адистер соңку кездеги Орусия менен мамиленин айрыкча курчушунан улам Лукашенко жеңишке жеңил-желпи жетише албастыгын айтууда. Беларус оппозициячылары болсо Лукашенконун бийлигинин алдында таза шайлоо өтөөрү өтө күмөн дешет.

Кыргызстандын мурунку президенти К.Бакиев бийликтен кеткенден кийин Лукашенконун көмөгүндө беларус жергесин баш паанектеп жүрөт.