Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси алмашты

Президенттин жарлыгына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилигине Марат Калиев дайындалды. Мамлекет башчынын 13-сентябрдагы жарлыгы менен аталган фонддун мурдагы жетекчиси Ташболот Балтабаев кызматтан бошотулган эле.

Т. Балтабаев “Ата мекен” партиясынын мүчөсү катары парламенттик шайлоого катышууда.(ZKo)