АКШда республикачылардын ич ара таймашында "Чай шеринеси" жеңип алды

Ноябрдагы Сенатка шайлоого Республикачыл партиядан талапкерлерди иргөөдө катардагы республикачыларды партиянын консервативдүү "Чай шеринеси" кыймылынын өкүлдөрү жеңип кетти. Ошону менен Нью-Йорк штатынын губернаторуна Републикачыл партиядан аталган кыймылдын өкүлү талапкер болду. Чай шеринечилери колдогон ардагер конгрессмен Делавар штатында жеңип алды.