Президент Нурсултан Назарбаев кийинки мөөнөткө камынууда

Казак президентинин кеңешчиси Ермухамбет Ертысбаев «Нурсултан Назарбаев 2020-жылга чейин бийликтен кетпейт, 2012-жылдагы шайлоодо ага тең чыга турган киши да, саясий системанын ичинде коркунуч да жок», деп айтты «Рейтерс» маалымат агенттигине.
70 жаштагы Назарбаев Казакстанды 1991-жылы эгемендикке ээ болгондон бери башкарып келет. Казактын өлкө башчысынын бул мөөнөтү 2012-жылы аяктайт. Бирок Казак Мажилиси президент канча кааласа ошончо бийликте кала берери тууралуу мыйзам кабыл алып, «Журт атасы» деген макам берип, ал кызматтан чегингенде да кол тийбестигин сактап каларын камсыздаган.