Нью-Йоркто никарагуалык дипломат өлтүрүлдү

Улуттар Уюмунун 65-жыйынына катышып жаткан диплматтын денеси Нью-Йорктогу батиринде табылган. Маалымат каражаттары 34 жаштагы Сесар Маркедону бирөөлөр мууздап, үй-жайын тоноп кеткенин жазып чыгышты. Учурда полиция иликтөө иштерин баштады.
Никарагуанын вице-президенти Хайме Моралас дипломаттын өлүмү кылдат иликтенет деп ишенерин билдирди.