Орус чек арачыларынын Чүйдөгү ыкчам тобу түштүккө көчөт

Анын негизги максаты мыйзамсыз миграция, адам сатуу, баңгичилик жана терроризмге каршы күрөшүү болуп эсептелет. Мындай макулдашуу Орусиянын чек ара башчысы Владимир Проничев баштаган делегация менен кыргыз тараптын ортосундагы жолугушуу учурунда келишилди. Владимир Проничев бүгүн Бишкектен Ош шаарына көчүрүлгөн Орусиянын Кыргызстандагы оперативдүү чек ара тобунун иштери менен да таанышты. Анын белгилешинче, оперативдүү топтун көпчүлүк бөлүгү Ошко жайгашат. Ал жакта 40 адам иштейт. Ал эми 20 адам Чүйдөгү тобунда ишин улантат.

В.Проничев баштаган топ Кыргызстанга кечээ келген. Алар президент Роза Отунбаева менен жолугушуп, чек ара маселелерин талкуулашкан. (КЕ)