Орусиядан 550 тонна буудай гуманитардык жардам катары келет

Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Учурда Орусияда буудай жүктөлүп жакын арада Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Орусия 550 тонна буудай үчүн 23 миллион рубль өлчөмүндөгү каражат бөлгөн. (KKs)