Сот системасы боюнча мыйзам долбоорлор талкууланып жатат

Сот системасы боюнча мыйзамдарды Кыргызстандын жаңы Конституциясына ылайыкташтырууга арналган жыйын бүгүн Бишкекте башталды. Эки күндүк иш-чарада судьялардын макамы, судьяларды тандоо, соттук өзүн өзү башкаруу органдары, Жогорку Соттун алдындагы конституциялык палата, Жогорку Сот жана жергиликтүү судьяларга байланыштуу мыйзам долбоорлор талкууланмакчы. Иш-чарага өкмөттүн мүчөлөрү, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. (EBM)