Химия боюнча Нобел сыйлыгынын ээлери аныкталды

Химия боюнча Нобел сыйлыгы америкалык окумуштуу Ричард Хек жана жапон изилдөөчүлөрү Эй-Ити Нэгиси менен Акира Судзукиге жаңы дары-дармектердин түрүн алууда органикалык синтездөөдөгү илимий ачылыштары үчүн ыйгарылды.