“Эркин муун”: үгүт иштерине мектеп окуучулары да аралашууда

Аталган альянстын координатору Салтанат Асипбаеванын “Азаттыкка” айтышынча, шайлоо өнөктүгүнө 18 жашка чыга элек жарандар катышып, партиялардын желектерин, баракчаларын таркатып жатышат. Мектеп окуучулары үгүт иштерин жүргүзгөн учурлар Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында кездешүүдө. Альянстын мүчөлөрү мындай көрүнүштүн Шайлоо кодексине ылайык келбегенин айтышып, бул факт боюнча чара көрүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жөнөтүштү. (KKs)