Добуштардын 88,1 пайызы саналды

БШКнын автоматтык "Шайлоо" системасынын маалыматы боюнча алдыда 8,67% менен “Ата Журт” партиясы келе жатат. Андан кийинки төртилтикте 7,98% менен Социал-демократтар партиясы, 7,1% менен “Ар-Намыс” партиясы, “Республика” партиясы 7,07%, “Ата мекен” партиясы 5,93% менен келатышат.

Бул жалпы 2333 шайлоо жайынын 2065инен алынган маалымат. Борбордук шайлоо комиссиясы 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы түшкө жуук маалым болорун билдирген. “Шайлоо” мамлекеттик автоматтык системасынын көрсөткүчүнө караганда, азырынча Ош облусунан жана Бишкек шаарынан толук маалымат келе элек. (ZKo)