Июнь коогалаңында жабыркагандарга материалдык колдоо көрсөтүлүүдө

Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, июнь айындагы коогалаңда жабыр тарткан он бир миң сегиз жүз кырк үч үй-бүлөгө 49 млн. 675 миң сом наркындагы материалдык жардам берилди. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция аталган аймактарда жардам берүүнү улантууда. (ES)