Чилиде 33 кенчи жер бетине чыгарылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чилиде 70 күн 600 метр тереңдикте камалган 33 кенчи аман-эсен жер бетине чыгарылды. Чилинин улуттук баатырларын өлкө президенти Себастиан Пинера баш болгон жетекчилер, кенчилердин жакындары ый-күлкү менен тосуп алып жатышты. Миңдеген журналисттер уникалдуу куткаруу операциясын чагылдырууда.