Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандар - 3 149

Мунун ичинен кыргызстандык жарандар - 2 977. СПИД илдетине чалдыккандардын көпчүлүгүн эркектер түзөт, ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган эркектердин саны бүгүнкү күнү - 2 194, ал эми аялдар - 783. Оорулуулардын көпчүлүгү баңгизат колдонгон адамдар.
Мындай маалыматты Кыргызстан аялдар конгрессинин басма сөз кызматы республикалык “СПИД” бирикмесине таянып таратты. (ZKo)