Бакиевдин үйүн байырлагандар...

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

7-апрелдеги окуядан кийин өрттөлүп, таланып-тонолуп кеткен Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү үйдү азыр жыйырмадан ашуун майыптар байырлашууда. Алар бул жерге курган тандырына нан жаап сатуу менен дубалынан башка эч нерсеси калбаган үйдү кышка чейин эптеп жылуулап алуу аракетинде.