Тикриттин полиция башчысына бомба чабуулу жасалды

Ирактын түндүгүндөгү Тикритт шаардык полициянын командиринин үйүнө бомба чабуулу жасалды. Жардыруудан полковник Каяс Фархандын үй-бүлөсүнөн үч адам жана  бир бала набыт болуп, бир нече киши жараат алганын Ирак полициясы маалымдады. Каяс Фархан өзү жарадар болгон.