Чеченстандын парламентине кеминде үч согушчан чабуул жасады

 

Грозныйга шашылыш учуп келген Россиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев: "Эртең мененки 8:45те согушчандар парламентке кирүүгө аракет кылышты. Мурда болуп жүргөндөй эле алардын максаты ишке ашпады. Аларды полиция токтотту. Согушчандар жок кылынды”, -деп билдирди.  Ал   чабуулга карабай, Чеченстанда кырдаалды “тынч жана кооптуу” деп мүнөздөдү.

 

Россиянын маалымат булактарынын кабарлашынча, бир жанкечти парламенттин жанында өзүн жардырып жиберген. Аткылашууда эки куралчан жок кылынганы, 2 полициячы жана 1 кызматчы окко учуп, 18 адам жарадар болгону маалымдалды.

Чечен президенти Рамазан Кадыровдун сөзүнчө,  бардык куралчандар 20 мүнөттүк аткылашууда жок кылынган жана депутаттар имараттан аман-эсен эвакуацияланган.