Украинанын мурдагы экономика министри Чехияда кармалды

Бохдан Данилишин Украинада «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп айыпталган. Ал Чехияда кармалганын жергиликтүү полиция да тастыктады. Данилишин 2007-жылдан 2010-жылга чейин Юлия Тимошенконун өкмөтүндө иштеди. Украинада бийликке Виктор Янукович келгенден кийин ага каршы кылмыш иши козголгон.