Ооган өкмөтүнүн өкүмү чет элдиктерди коркутууда

Ооган өкмөтүнүн өлкөдөгү жеке менчик күзөт фирмаларынын ишмердигине тыйуу салуусу экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган миллиарддаган долларлык долбоорлорду токтотуусу мүмкүн. Өкмөттүк эмес күзөт фирмалары декабрдын ортосуна чейин Ооганстанда жабылууга тийиш. Америкалык дипломаттын Ассошэйтед пресс агенттигине айтышынча, кызматкерлеринин өмүрүнөн кооптонгон көптөгөн эл аралык компаниялар Ооганстандагы долбоорлорун токтотууну ойлонуштурууда.