Еврокеңеши Россияны губернаторлорду мурдакыдай түз шайлоого үндөдү

Европа Кеңеши Россияны губернаторлорду түз шайлоого жана мэрлерди дайындоо жөнүндөгү мыйзамды токтотууга чакырды.
Европа Кеңеши 28-октябрда кабыл алган документ Кремлди жергиликтүү бийликтерди борбордон ашыкча көзөмөлдөөгө юридикалык бөгөт койууга да чакырат. Еврокеңеш - адам укугу боюнча Европадагы эң жогорку орган.

Кремль бир ай илгери Москванын мэри Юрий Лужковду кызматтан алып, ордуна премьер-министр Путиндин жакын жардамчысы Сергей Собянинди дайындаган.

Москванын мэри, облус-республикалардын губернаторлорун 2004-жылдан бери президент сунуш кылып, парламент бекитет.