ИИМ МАИчи кызды сабаган кызматкерине чара көрөт

Маалыматта айтылгандай, МАИ кызматкерине кол көтөргөн ИИМдин борбордук аппарат кызматкеринин иши иликтөөгө алынууда, жыйынтыгына ылайык ага чара колдонулмакчы.

Расмий булактардан алынган маалымат боюнча, Бишкектеги Москва көчөсүндө жол эрежесин одоно бузуп, мамлекеттик номуру жок бараткан автоунааны МАИ кызматкери токтоткон. Токтотулган “Ауди С 4” үлгүдөгү унаанын рулунда ички иштер министринин 1-орун басары Мелис Турганбаевдин жардамчысы, лейтенант Нурлан Шералиев болгон. Ал өзүн токтоткон инспектор кызды жаман сөздөр менен сөгүп, башына эки-үч жолу муштап жиберген.(ZKo)