Бразилияда президенттик шайлоо өтүүдө

Бразилияда бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Мамлекет башчы Луис Инасио Лула да Силва колдогон талапкер Дилма Руссеф фаворит катары аталууда. 3-октябрда ал дорбуштардын 47 процентин жеңип алган. 62 жаштагы Руссеф президент кеңсесинин мурдагы жетекчиси жана башкаруудагы Жумушчу партиясынын мүчөсү. Анын атаандашы Социал-демократтар партиясынын өкүлү Жозе Серра биринчи айлампада добуштардын 33 процентин алууга жетишкен. Бразилияда болжолу менен 136 миллион киши добуш берүүгө укуктуу жана алардын бардыгы шайлоого катышууга милдеттүү.