Жаңылыктар Кубадагы авиакырсыкта 68 киши набыт болду 5-Ноябрь, 2010 Кубада 4-ноябрда өкмөттүк авиакомпаниянын учагы кыйрап, 68 киши набыт болду. Сантяго де Кубадан Гаванага баратып кырсыкка кабылган учактын ичинде чет өлкөлүк 28 жаран болгонун Кубанын улуттук телеканалы кабарлады. Авариянын себеби такталууда.