Бул тууралуу Карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча республикалык борбордун башчысы Жалалидин Гайбулин бүгүн биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө күйдүргүнүн тарап кетиши боюнча коркунуч жогору. Мисалы Бишкектеги “Ала-Тоо” жаңы конушу 30-40-жылдары күйдүргүдөн өлгөн мал көмүлгөн жерге жакын жайгашкан. Адистин айтымында, бул жерди иштеткенге болбойт, бирок жер басып алуучулар болбой эле үйлөрдү куруп алышкан. (EBM)