Ирак бийликтери өкмөт түзгөнгө даяр

Муну бүгүн өлкөдөгү негизги саясий күчтөрдүн өкүлдөрү ырасташты. Жетишилген макулдашууга ылайык премьер-министрдин кызматында шийиттер блогунун лидери, азыркы өкмөт башчысы Нури ал-Малики калат, анын атаандашы, сүннүлөр фракциясынын жетекчиси, экс-премьер Ияд Аллауинин блогуна спикердин, тышкы иштер министринин жана саясий стратегия боюнча жаңы түзүлгөн Улуттук кеңештин башчылык кызматтары берилет. Күрттөрдүн өкүлү Жалал Талабани президент бойдон калат. Ирактын жаңы парламенти быйыл мартта шайланган, ошондон бери ал биринчи жыйынга чогулганы жатат.