Жаңылыктар Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталууда 12-Ноябрь, 2010 Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалымдашынча, сасык тумоону алдын алуу үчүн Орусияда чыккан “Гриппол плюс” аттуу дары сатылып алынды. Учурда жалпы өлкө боюнча бардык медицина кызматкерлери эмделүүдө.