Ооганстанда бомбадан дагы үч киши курман болду

Ооган бийликтери чыгыштагы Жалал-Абад шаарында бомба чабуулунан кеминде үч адам набыт болуп, ондогон адамдар жараат алганын кабарлашты. Жардыруу НАТОнун аскерий базасынын жанында болгон.