Минада зыяратчылар шайтанды ташбараңга алышууда

Сауд Арапстанда ажылык парзын аткарып жүргөн мусулмандар Меккенин ныптасындагы Мина өрөөнүндө шайтандын сөлөкөттөрүнө таш атууну башташты. Үч күндүк жөрөлгө ажыга баргандар сөзсүз аткарчу ибадаттардын соңкусу. Саудия өкмөтүнүн маалымдашынча, быйыл зыяпатка дүйнө өлкөлөрүнөн 2,8 миллион адам келген.