Президент Р. Отунбаева КМШнын жыйынына катышууда

Президенттик басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан жыйынга Орусиянын премьер-министри Владимир Путин төрагалык кылууда. Анда орток эркин соода аймагын түзүү тууралуу маселе каралган учурда төрага В. Путин Бүткүл Орусиялык көргөзмө борборунан жерди 50 жылдык мөөнөт менен жылына 1 рублден ижара акы төлөп алууну сунуштады. 
КМШ өкмөт башчыларынын бүгүнкү отурумунун күн тартибине азык-түлүк коопсуздугу, 2020-жылга чейинки кызматташтык программасын талкуулоо маселелери киргизилген.

Президент Роза Отунбаеваны КМШнын жана ЕврАзЭстин Кыргызстандагы төрагасы Б. Мамбетов, каржы министри Ч. Имашев жана экономикалык тескөө министри Э. Үмөталиев коштоп жүрүшөт. (ZKo)