Жаштар министрлигинде статс-катчы алмашты

Статс-катчыларга атайын жүргүзүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча Жаштар иштери боюнча министрликтин статс-катчысы Гүлжамал Султаналиева кызматынан бошотулду. Мындай жарлыкка мамлекет башчы Роза Отунбаева бүгүн кол койду. Президенттин башка бир жарлыгы менен Нурлан Досалиев жаштар министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды.(ZKo)