Кытайдан 80 автобус келди

Бишкек шаардык мэриясынын маалымдаганы боюнча, 80 автобус алгачкы партия. Дагы 81 автобус келүүсү күтүлүүдө. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык Кытай Кыргызстанга 4 млн. юандык гранттын эсебинен 161 автобус бермекчи болгон.

Буга чейин 2008-2009-жылдары Кытайдан 150 чакты автобус алып келинип, Бишкек жана Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташууга бөлүнгөн.
Апрель окуясындагы башаламандык учурунда жетимиштен ашуун автобус талкаланган, алардын көпчүлүгү али каттамга чыгарыла элек.(ZKo)