Өзбекстандык экинчи спортчу допингден кармалды

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында өзбекстандык экинчи спортчу допинг-тестинен өтпөй калды. Натыйжада 23 жаштагы балбан Жахонгир Муминов мелдештен четтетилди. Өткөн жума күнү өзбек дзюдочусу Шакир Муминов күч-кубат берчү дары колдонгону аныкталып, мелдеште уткан күмүш медалынан ажырап калган эле. Гуанчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндары 27-ноябрда аяктайт.