З. Рысалиев: терракт жасоо аракетине байланыштуу 9 киши кармалды

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев терракт жасоо аракетине байланыштуу бүгүнкү күндө 9 киши кармалганын билдирди. Министрдин маалымдашынча, 22-ноябрда уурулук фактысы боюнча Ошто үч киши колго түшкөн, алардын көрсөтмөсү менен Бишкекте жана Ош шаарларында эл көп жүргөн жерлерде терракт даярдалып жатканы ашкереленген. З. Рысалиев бул колго түшкөн адамдардын диний радикал уюмдарга тиешеси жоктугун белгиледи, улуттук-сепаратисттик мүнөздөгү топ болгонун, арасында кыргыз, орус жана өзбек улутундагы адамдар бар экенин маалымдады. Азыр бул окуяны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат тергеп жатат. Ош жана Бишкек шаарларында тартип коргоо органдары коомдук коопсуздукту күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү. (EBM)