Марат Иманкулов: Ошто кырдаал көзөмөл алдында

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ошто кырдаал туруктуу жана тартип коргоо кызматкерлеринин көзөмөлүндө болгонун, тынчсызданууга негиз жоктугун белгиледи. “Окуя калк жыш жүргөн жерде орун алгандыктан, атышууну уккандар коопсуздугу үчүн кооптонуп, дүрбөлөңгө түштү. Бирок мен бардык кыргызстандыктарды, өзгөчө Ош шаарынын тургундарын кооптонууга негиз жок деп ишендирип кетким келет. Бүгүн болгон окуя – кылмышкерлерди кармоо үчүн жүргүзүлгөн катардагы операция. Учурда кырдаал толугу менен көзөмөл алдында”,-деди Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтышынча, бүгүн кечке жуук Ош базарынын жанындагы үйлөрдүн биринде Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүгүнүн күчтөрү өлкөнүн аймагында террордук чабуул уюштурууга даярдык көргөн деп шектелгендерди кармоо боюнча атайын операция өткөргөн. Анын жүрүшүндө куралдуу топ каршылык көрсөтүп, атышуулар орун алган. Натыйжада атайын күчтөрдүн эки кызматкери жараат алып, ооруканага жаткырылды. Марат Иманкуловдун маалыматына ылайык, учурда операция жыйынтыкталып, куралдуу топтун үч мүчөсү жок кылынып, төртүнчүсү өзүн өзү граната менен жардырып алган.