Жаңылыктар Ооган офицери НАТОнун алты жоокерин атып салды 30-Ноябрь, 2010 Нангархар провинциясынын губернаторунун басма сөз өкүлү Ахмад Зия Абдул Зайдын маалымдашынча, кандуу окуя НАТО аскерлери Пачи Рагам районунда ооган күчтөрүн машыктырап жаткан кезде болгон. Пентагон алты жоокер тең АКШ жарандары экенин билдирди.