ФИФА 2018 жана 2022- жылкы чемпионаттардын конок ээсин жарыялады

Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясы – ФИФАнын аткаруу комитетинин жыйыны өтүп жаткан Швейцариянын Цюрих шаарынан жаңы эле түшкөн маалыматтарга караганда, 2018-жылы дүйнөнүн эң ири футбол мелдешин тосуу укугу Орусияга, ал эми 2022-жылдыкы Катар мамлекетине ыйгарылды. 2018-жыл үчүн Орусиядан башка Англия, Бельгия менен Нидерландия, Испания менен Португалия чогуу талаптанган. Ал эми 2022 –жылкы чемпионаттын конок ээси болууга Катардан тышкары Түштүк Корея, Жапония, Австралия, АКШ умтулган.