Кийинки жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт

Кийинки жылдын бюджетин түзүүдө мугалимдердин айлык-акысын көтөрүү каралууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул тапта бюджетти калыптандыруу процесси гана жүрүп атат. Айта кетсек, жай айларынан бери мугалимдердин айлык-акыларын көтөрүү, аларга көңүл бөлүү жаатында бир катар кеңешмелерде, жыйындарда айтылып, кечээ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мугалимдер айлык-акыларын көтөрүүнү талап кылып митинг өткөрүшкөн. Мугалимдер ошондой эле 30-40 жылдан бери профсоюз уюмдарында мүчө болгонуна карабай бир да жолу ден соолуктарын чыңдоо үчүн курорт, санаторийлерге барууга мүмкүнчүлүк берилбегенин, андыктан бул жаатта да ачыктык, адилеттик болуусун талап кылып келатышат. (IJz)