Алмазбек Атамбаев президент менен жолуга элек

Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократиялык партиянын координатору Фарид Ниязов билдирди.

Социал-демократиялык фракциянын лидери, аз күн мурда түзүлгөн көпчүлүк коалициянын башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө көпчүлүк коалиция түзүүнү башка партияга тапшыруусун президенттен өтүнөрүн билдирген. Ал ошондой эле келерки коалиция түзүүчү партияга ийгилик каалады.

Президент Роза Отунбаева көпчүлүк коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн Социал-демократиялык фракцияга 11-ноябрь күнү тапшырган. 30-ноябрь күнү Социал-демократтар партиясы, “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары биригип, коалиция түзүлгөнү жарыя кылынган. Үч партиядан турган коалиция парламентте 67 орунга ээ болгон. (ZKo)