Америкалык провaйдер WikiLeaks сайтын таркатуудан баш тартты

Интернет сайттардын аталышын бөлүштүргөн EveryDNS ишканасы бул чечимин өз сайтына хакерлер кайра-кайра кол салып жаткандыгы менен түшүндүрдү. Америкалык дипломатиянын жашыруун документтерин жарыялаган WikiLeaks сайтын "коноктоодон" мурдагы күнү интернет соодасынын дөө-шаасы "Амазон" баш тарткан. WikiLeaks швейцариялык "Баанхоф" серверинде кала берүүдө.