Ноокенде катылган куралдар табылды

Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы тараткан маалыматка караганда, 6-декабрь күнү Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинде капка оролуп көмүлгөн куралдарды таап чыккан. Анда ар кыл калибрдеги жети ок атуучу курал, бычак жана учуна бычак оролгон союлдар табылган. Тергөө иштери жүрүп жатат. (ES)