8-декабрь телерадио кызматкерлеринин күнү

Буга байланыштуу бүгүн Кыргызстандын телерадио тармагына эмгеги сиңген журналисттерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылат.
Июнь окуясында өрттөнүп кеткен Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын имараты толук оңдолуп, бүгүнкү күнгө карата ишке киргизилди. ЖТР Жалал-Абаддагы Ботиров атындагы Эл достугу университетинин бет маңдайына жайгашкан. (ZKo)