"Азаттыктын" кабарчылары сыйланды

Маданият жана маалымат министрлиги уюштурган “Китеп - жан дүйнө азыгы” акциясы бүгүн жыйынтыкталды. Анда 2009-2010-жылдары жарык көргөн китептердин арасында сынак жарыяланып, “Окурман күткөн китеп”, “Жаштык жигер” жана “Калемдештер” деген үч номинацияда сыйлыктар тапшырылды. Маданият министри Садык Шер-Нияздын айтымында, бул иш-чара китептин кадыр баркын көтөрүү жана акын, жазуучуларды колдоо максатында уюштурулган.  "Китеп - жан дүйнө азыгы” акциясынын алкагында “Азаттык” радиосунун башкы редактору Бурулкан Сарыгулова “Сыр сандык” жана кабарчы Шайлообек Дүйшеев “Шамал”, “Туз” китептери үчүн сыйлык алды.

Ушул эле күнү 10-декабрь адам укуктары күнүнө карата Акыйкатчы институту “Азаттыктын” редактору Айданбек Ташкенбаевди жана мурдагы кабарчы Жаркын Темирбаеваны адам укуктарын мыкты чагылдырган журналист деп таанып, атайын төш белги менен сыйлады. (КЕ)