Кызыл-Кыяда өрт өчүргүчтөр төрт баланы сактап калды

11-декабрда Кызыл-Кыя шаарындагы бир үйдөн электр зымынын жараксыздыгынан улам өрт чыккан. Натыйжада үйдүн ичи толук өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен үйдөгү 4 кичинекей бала аман алып калынды. Тилсиз жоону өчүрүүгө бир сааттан ашык убакыт кеткен.

Бул тууралуу өрт өчүрүү кызматынан маалымдашты. Суук түшүшү менен өрт чыгуу коркунучу күчөдү деп билдирет 101 кызматы.(ZKo)