Бул тууралуу президент Барак Обаманын атайын билдирүүсүндө айтылат. "Холбрук өлкөгө 50 жыл кызмат кылды жана анын дипломатиялык ишмердиги АКШны алда канча күчтүү, коопсуз жана абройлуу өлкөгө айлантты",- деп белгиледи Обама. Акыркы эки жылда Холбрук президенттин Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын өкүлү болуп иштеп турган. 1995-жылы Босниядагы согуштун бүтүшүнө алып келген Дейтон келишимин түзүүдө маанилүү роль ойногон. Учурунда АКШнын Улуттар Уюмундагы жана Германиядагы элчиси болуп иштеген, эки ирет мамлекеттик катчынын жардамчысы болгон.