«Ата-Журтка» -төрагалык, КСДПга премьер-министрлик сунушталганы айтылууда

Парламенттик көпчүлүк түзүү милдетин ишке ашырып жаткан «Республика» фракциясы «Ата-Журт» фракциясына Жогорку Кеңештин төрагалыгын сунуш кылды. Бул тууралуу «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, бул сунуш бүгүн фракциянын жыйынында талкууланат. Ал эми социал-демократиялык фракциясынын лидерине өкмөт башчынын орду сунушталганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты.

«Республика» партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев болсо бул маалыматтарды тастыктаган жок.(ZKo)