Бишкекте бүгүн жаңы жылдык жарманке башталат

“Кышкы мозаика-2010” аталышындагы жаңы жылдык жарманкенин ачылышы Жеңиш аянтында өтөт. Бишкек шаардык маалымат жана жарнак департаментинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, аталган иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы ар кыл фирмалар өндүргөн кондитердик азыктар, жаңы жылдык белектер, оюнчуктар жармаңкеге коюлат. 18-декабрдан 30-декабрга чейин созула турган бул иш-чара коңцерт, оюндар менен коштолуп турмакчы. Жаңы жылдык жармаңке шаардык мэрия тарабынан уюштурулуп, тургундарга майрам алдында маанай тартуулоо максатын көздөйт. (KKs)