Мексикада 22 киши өлүп, 32си жарадар болгону кабарланууда

Кара май куурундагы кырсыктан 22 киши өлүп 32 киши жарадар болгону кабарланууда. Пуэбла штатындагы кара май куурунан топ адамдар нефть уурдап жаткан мезгилде жарылуу болгон. Мерт болгондордун 10у бир туугандар экени айтылууда. Жарылууда жүздөгөн үйлөр дагы жабыркаган.